МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 142 2015-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 66 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2015-жылдын 17-июлунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
  • Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Койчуманов Кычан Тюлемышевич табылсын.
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
  • Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 
  •  

    ТӨРАГА                                                         Т.АБДРАИМОВ

                    

    Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры

    № 142

     

    2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды

    Карап чыгуулар: (998)