![]() № 143 Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине жана курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан “Улуу Биримдик” Улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Дюшеналиева Нарынкул Абдыкадаровна чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Хамиджанов Ибадулла Халилуллаевич чыгарылсын. 2.Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Ар Намыс” саясий партиясынан Бадалбаева Гулмира Маматкадыровна, «Республика» саясий партиясынан Кадыров Байышбек Акбаралиевич; - комиссиянын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: «Ата-Журт» мекенчил саясий партиясы” саясий партиясынан Анарбаева Батма Алановна, “Республика” саясий партиясынан Эболдуев Эшмам; - комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: “Замандаш-Современник” саясий партиясынан Осмонова Инаят Азимовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Турдуева Бегайым Мурзамдановна. 3. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Рыскулова Жанара Сыдыгалиевна чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Дюйшебаева Бактыгюл Ысабековна киргизилсин. 4. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - курамынан комиссиянын мүчөсү “Акшумкар” саясий партиясынан Толубаева Замира Жумабековна чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан Жанышбеков Шерипкан Нурдоолотович киргизилсин. 5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 21-ноябры № 143 |
Карап чыгуулар: (1066) |