ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВО

ПРОТИВОДЕЙСТВИЕ КОРРУПЦИИ

ОБУЧЕНИЕ

ИЗБИРАТЕЛИ

ИЗБИРАТЕЛЬНЫЕ КОМИССИИ

ПОЛИТИЧЕСКИЕ ПАРТИИ

КАНДИДАТЫ

НАБЛЮДАТЕЛИ

СМИ

ВЫБОРЫ

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЫ

ВЫДВИЖЕНИЕ В УИК

КОНКУРСЫ

ОБРАТНАЯ СВЯЗЬ

 
Главная - ЦИК - Постановления ЦИК КР
Центральная избирательная комиссия

№ 147 Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун жокко чыгаруу жөнүндө

Нарын аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин талаптарын одоно бузуу менен  №1 Казан-Куйган шайлоо округу боюнча Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолуев Салыбек Торгоевичти каттаганын жана ушуга байланыштуу келип түшкөн арыздарды, Борбордук шайлоо комиссиясынын төргасынын буйругуна ылайык түзүлгөн комиссиянын билдирүүлөрүнүн негизинде  "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

1. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын  "2012-жылдын 4-ноябрындагы №1 Казан-Куйган шайлоо округу боюнча Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолуев Салыбек Торгоевичти каттоо жөнүндөгү  №9 протоколу жокко чыгарылсын.

2. Шайлоо бюллетени даярдалып калганына байланыштуу Чолуев Салыбек Торгоевичти, участкалык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетенинен  чийип салсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                  Т.Абдраимов

 

          Бишкек ш., 2012-жылдын 22-ноябры

          № 147

Просмотров: (1201)