![]() № 145 Бишкек, Чүй облусунун Панфилов, Аламүдүн, Кемин, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.Т.Токтосунованын, А.А.Алыбековдун, А.С.Касымбекованын, Г.А.Шаменованын, А.А.Мамытканованын, М.Ш.Абдыкалыкованын, Н.З. Каипованын аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын негизинде жана аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган Э. А.Дукембаева, А.А.Бекболиев, А.Т.Гаипов, Г.П.Муратов, Ы.Ы.Джансеркеев, Р.О.Боскунбаев, И.В. Бондаренко киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан «Кут» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтосунова Айганыш Тургунбековна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына «Ак Санат» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дукембаева Эльмира Абуевна киргизилсин. 2. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымбеков Азат Алымбекович чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекболиев Азамат Мааламбердиевич киргизилсин. 3. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Касымбекова Айнагүл Сапаркуловна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гаипов Анарбай Тургунбаевич киргизилсин. 4. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан «Өнүгүү Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каипова Нуржамал Зарылбековна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бондаренко Ирина Васильевна киргизилсин. 5. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шаменова Гулжамал Аттокуровна, «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамытканова Айжан Акимжановна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына «КСДП» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Муратова Гульнара Панарбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джансеркеев Ырыскелди Ынтымакович киргизилсин. 6. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкалыкова Магнолия Шукуновна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Боскунбаев Рыспек Орозбекович киргизилсин. 7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 4 - октябры № 145 |
Карап чыгуулар: (846) |