МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 148 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарлоонун формасын бекитүү жөнүндө

Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын тизмеси тааныштыруу үчүн басып чыгарылып, кабарлоо жиберилгенден кийинки шайлооочулардын тизмесиндеги түзүлүү ченеминин олуттуу өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, “1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алган, биометрикалык каттоодон өткөн жарандарга шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы №145 токтомуна ылайык, “2015-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кошумча шайлоо укуктарынын кепилдиги  менен камсыз кылуу” жөнүндө 2015-жылдын 18-сентябрындагы №146-токтомунун 4-пунктунун негизинде, жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарлоонун формасы

 бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                  Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш, 2015 жылдын 21-сентябры

№ 148

 

2015-жылдын 21-сентябрында жарыяланды

Карап чыгуулар: (1191)