![]() № 149 “Шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобону бекитүү туралуу |
Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, жарандардын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылуулары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу, шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча юридикалык, консультативдик-усулдук жардам көрсөтүү үчүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын коомдук кабылдамасы жөнүндө” Жобо бекитилсин. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2016-жылдын 11-октябры |
Карап чыгуулар: (1010) |