МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 150 Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан айрым шайлоо участокторунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө

Республиканын аймагынан сырткары жайгашкан айрым шайлоо участокторунда  тизмеге кирген шайлоочулардын аз сандуулугуна жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуунун зарылчылыгы жоктугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык  шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлиги менен биргеликте автоматтык эсептөөчү урналарды жана башка керектүү материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан шайлоо участокторуна жеткирүүнү уюштурсун.

2. Шайлоочулардын тизмесине кирген саны 30дан аз адамдары бар Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан участкалык шайлоо комиссиялары, добуш берүү учурунда шайлоочуларды идентификациялоону жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдаланбастан стационардык ачык көрүнгөн урналарды колдонсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Дж.А. Баялиновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 24-сентябры

№ 150

 

2015-жылдын 24-сентябрында жарыяланды

Карап чыгуулар: (1168)