№ 151 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 64 чечиминдеги “Кыргызстан” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн талапкерди тизмеден чыгаруу жана тийиштүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө түшкөн арыздын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Тентишев Эркин Саткынбаевич алынып салынсын.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 15-октябрь 2015-жыл № 151 |
Карап чыгуулар: (1260) |