№ 154 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 69 чечиминдеги “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн талапкерлерди тизмеден чыгаруу жана тийиштүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө түшкөн сунуштамасынын жана талапкерлердин жеке арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөр алынып салынсын: 1) Зулушев Курманкул Токторалыевич; 2) Туманбаева Рада Мураталыевна; 3) Саматов Жыргалбек Алимбаевич; 4) Абжалиев Алиярбек Токобекович; 5) Увайдиллаев Исламбек Увайдиллаевич; 6) Мамаюсупов Эркинбек Абдимиталипович; 7) Исмаилова Аида Жекшенбаевна; 8) Шакиев Нурланбек Тургунбекович; 9) Шарапов Закир Эшматович; 10) Ормокеев Айбек Алимбекович; 11) Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович; 12) Молдобаев Асхат Кенешбаевич; 13) Горшковская Татьяна Игоревна; 14) Мурзабеков Кантемир Зулумович; 15) Тербишалиев Данияр Омурзакович. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 69 “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” чечиминдеги жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлер каттоо тизмесинин бөлүгүнөн жокко чыгарылсын. 3. “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын. 4. Бул чечим “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 15-октябрь 2015-жыл № 154 |
Карап чыгуулар: (1377) |