МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 156 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык, Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука, Талас облусунун Талас, Бакай-Ата жана Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү К.А.Шерматовдун, А.Ш.Султанбаеванын, А.Э.Мааметованын, Эмилбек уулу Т.Э.Батыровдун, Т.С.Алымбаевдин, Г.М.Сыдыкованын, Ж.М. Бейшеналиевдин аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Н. Чатаевди милдеттерин жана тапшырмаларды системалык түрдө аткарбагандыгы үчүн курамынан чыгаруу жөнүндө 2016-жылдын 25-сентябрындагы № 10 чечимине ылайык, аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган  Н.Ч.Калымбетова, С.А.Матцаков, Рыспай кызы Ж., Д.Ж.Токтогонова, К.Т. Турдукулова, Р.Т.Бектенова, А.К.Токтогулова киргизилгендигине байланыштуу,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шерматов Кубаныч Абжапарович,  «Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Чатаев Ашым Нышанбаевич чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Калымбетова Насыйкат Чотуровна,  «Өнүгүү Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Матцаков Самат Аскарович киргизилсин.

2. Жалал-Абад  облусунун Тогуз-Торо  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  « Кыргызстан куруучулар партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Султанбаева Акылжан Шаршенбаевна,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мааметова Анара Эркинбаевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөнРыспай кызы Жанаркул, Токтогонова Дамира Жолоевна киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эмилбек уулу Тойчубек чыгарылсын;

4. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Батыров Эркинбек  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөнТурдукулова Кайрыхан Тургуновна киргизилсин.

5. Талас облусунун Талас  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымбаев Тилек Сырдыбаевич чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөнБектенова Рыскүл Токтосуновна киргизилсин.

6. Талас облусунун Бакай-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшеналиев Жоомарт Мырзаканович чыгарылсын.

7. Нарын облусунун Нарын  шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  « Кыргызстан куруучулар партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыкова Гулмира Мамбетовна  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтогулова Аймира Кедеевна киргизилсин.

8. Бул токтом  « Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын  11 - октябры

 

№ 156

Карап чыгуулар: (811)