МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 165 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

- Ханс Зайдел Фондунун өкүлү (тиркеме 1);

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын өкүлү (тиркеме 2).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүА.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.  

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ  

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры

№ 165

 

2015-жылдын 1-октябрында жарыяланды

 

Тиркеме 1

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын

2015-жылдын 1 - октябрындагы

№ 165 токтому менен бекитилген

 

Эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланган  

Ханс Зайдел Фондунун өкүлдөрүнүн тизмеси

 

Күб.№

Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм

ФАА

 

Мамлекет

Ээлеген кызматы

  •  
  • 612

    Ханс Зайдел Фонду

    Майер Макс Георг

    Германия

    Ханс Зайдел Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору

     

    Тиркеме 2

    Кыргыз Республикасынын

    Шайлоо жана референдум

    өткөрүү боюнча борбордук

    комиссиясынын

    2015-жылдын 1 - октябрындагы

    № 165 токтому менен бекитилген

     

    Эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланган 

    Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын өкүлдөрүнүн тизмеси

     

    Күб.№

    Байкоочу көрсөткөн эл аралык уюм

    ФАА

     

    Мамлекет

     Ээлеген кызматы

  •  
  • 613

    Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы

    Велиева Садагат Сулейман гызы

    Азербайжан Республикасы

    Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Депутаты

    Карап чыгуулар: (998)