![]() № 165 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруусуна, сакталышына кепилдиктерди камсыз кылуу максатында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42,43-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларында жарандардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө” Жобо бекитилсин. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларында жарандардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 20-октябры |
Карап чыгуулар: (1006) |