МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 166 Кээ бир шайлоо участкаларынын чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон жана Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын алыс жашаган шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жана тиркемеде көрсөтүлгөн участкаларда шайлоочулардын саны 2500 дөн ашкандыгына байланыштуу айрым шайлоо участкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле кээ бир шайлоо участкаларды бөлүү боюнча сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон жана Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын чек аралары тиркемеге ылайык бөлүнсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары бөлүнгөн шайлоо участкаларда участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 Н.Шайлдабекова 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 21-октябры

Карап чыгуулар: (1025)