МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 167 Жалал-Абад облусунун Чаткал; Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

М.К. Ажибековдун, Т.К. Ботобековдун, А.Ч. Иманалиевдин, А.Ж. Таштанбаеванын, Ф.Т. Сатыбалдиеванын А.С. Бабышовдун, Т.Д. Султановдун, Э.Т. Асанбаеванын  арыздарынын негизинде,  Чаткал жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен Т.А. Мырзалиевди, Ы.Т. Маматованы, У.М. Козубаеваны, Р.А. Кочкорбаеваны, М.Н. Назалованы, А.Н. Мамбеткулованы чыгаруу боюнча сунуштарын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ажибеков Мээрбек Капалбекович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервинен «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мырзабаев Алибек Орозматович киргизилсин;

- комиссиянын резервинен  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мырзалиев Токторумбет Акылбекович, Маматова Ырысбу Тойчиевна, Ботобеков Талантбек Курманбекович, Козубаева Уулжан Мизираимовна, Кочорбаева Рапия Алыкановна, Иманалиев Албан Чотонович, Назалова Мира Наркуловна, Таштанбаева Алтынай Жапарбаевна чыгарылсын.

2. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиева Фарида Темиркановна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанакунова Турганбүбү Мамытовна киргизилсин.

3. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамбеткулов Адилет  Нарынбекович чыгарылсын;

-  комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саргожоева Динара киргизилсин.

4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Бабышов Акбар Саламатович, «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Султанов Тынчтык Джаанбаевич, “Демократическая партия “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асанбаев Эркинбек Турускелдиевич чыгарылсын;

-   комиссиянын курамына резервинен «Республика – Ата Журт» саясий    партиясынан көрсөтүлгөн  Болокбаева Гүлмира Маданбековна,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Айдакеев Уларбек Каныбекович, Куронова Жамиля Муратбековна киргизилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

  ТӨРАГА                                                         Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры

№ 167

 

2015-жылдын 1-октябрында жарыяланды

 

Карап чыгуулар: (964)