МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 168 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Джалалов Муродилло Мухитдиновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Джалалов Муродилло Мухитдиновичтин  өзүнүн берген арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Шерматов Руслан Жамалдиновичке өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 17-октябрындагы №12 чечимди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын        7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Джалалов Муродилло Мухитдиновичтин өзүнүн берген арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Шерматов Руслан Жамалдиновичке өткөрүп берүү жөнүндөгү  2016-жылдын 17-октябрындагы №12 чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин  депутаты

Джалалов Муродилло Мухитдинович боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.

3. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин  депутаты Джалалов Муродилло Мухитдиновичтин күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайланган депутаты Шерматов Руслан Жамалдиновичти каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

  

Бишкек ш., 2016-жылдын 21-октябры

№ 168

Карап чыгуулар: (1031)