МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 174 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү”        2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                              Т.АБДРАИМОВ 

           

Бишкек ш., 2015-жылдын 24-октябры

№174

 

2015-жылдын 24-октябрында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 24-октябрындагы

№ 174 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Ош шаары

 1

Ош шаардык айылдык

Нурбаев Абдывахап Мамодрасулович (“Адилеттүү Кыргызстан” саясий партиясы)

Өз арызы

№ 39,

13.03.2012-ж.

 2

Примов Улан Бердибаевич

(«Республика» саясий партиясы)

Өз арызы

Жалал-Абад облусу

Аксы району

 3

Ак-Жол айылдык

Артыкбаев Байыбек Турсуналиевич

Өз арызы

№ 152,

15.12.2012-ж.

Баткен облусу

Баткен району

 4

Самаркандек айылдык

Муратов Абди-Ади Андашович

Өз арызы

№50, 27.05.2015-ж.

Талас облусу

 5

Талас шаардык

Есенкулов Мирлан Ишенбекович (“Республика” саясий партиясы)

Өз арызы

№ 156,

15.12.2012-ж.

Бишкек шаары

 6

Бишкек шаардык

Аманкулов Марат Аскерович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№ 158,

15.12.2012-ж.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

24-октябрындагы № 174 токтомунун

2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош шаары

 1

Ош шаардык

Токтошева Жамилахан Мамасадыковна (“Адилеттүү Кыргызстан” саясий партиясы)

Ош ш., №48 орто мектеп, мугалим

№27,

19.10.2015-ж.

 2

Аматова Санталат Юсуповна

(“Республика” саясий партиясы)

Убактылуу иштебейт

Жалал-Абад облусу

Аксы району

 3

Ак-Жол айылдык

Бостонова Гулнара Тологоновна

Ак-Жол айылы, №20 Ташкулов атындагы орто мектеп, мугалим

№ 10,

29.09.2015-ж.

Баткен облусу

Баткен району

 4

Самаркандек айылдык

Тулаев Болотбек Мамашарипович

Баткен РЭС, участканын начальниги

№19, 19.10.2015-ж.

Талас облусу

 5

Талас шаардык

Ажибраимов Руслан Уланович (“Республика” саясий партиясы)

Убактылуу иштебейт

№ 12,

6.10.2015-ж.

Бишкек шаары

 6

Бишкек шаардык

Чепеев Калыбек Чепеевич (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Жеке ишкер

№22,

21.10.2015г.

Карап чыгуулар: (1109)