![]() № 178 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.О. Кожошевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожошев Арзыбек Орозбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожошев Арзыбек Орозбековичтин № 083 депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 5-ноябрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 5-ноябры № 178
2015-жылдын 5-ноябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1039) |