№ 179 2015-жылдын 13-октябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 24-сентябрындагы № 149 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 13-октябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Кадамжай жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2015-жылдын 13-октябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын. 1.1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын шайланган мэри болуп Козубаев Абдыразак табылсын. 2. 2015-жылдын 13-октябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 2.1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 2.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Касымов Турдакун Омурович табылсын. 3. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын шайланган мэрине жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 5-ноябры № 179
2015-жылдын 5-ноябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1280) |