№ 17 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №2, Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-январындагы №3; Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-январындагы №2, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-январындагы №2; Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 30-январындагы №3, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-январындагы №5; Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 22-январындагы №2, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №6, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 27-январындагы №2; Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №2, Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №2, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 1-февралындагы №2; Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 28-январындагы №4 чечимдеринин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет). 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун тиркемеси тиешелүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 2-февралы № 17 |
Карап чыгуулар: (1410) |