№ 180 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 133 токтому менен 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 8-пункту бузулуп, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынан 3/2синен кем катышуусунда өткөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 24-сентябрындагы № 149 токтому менен 2015-жылдын 13-октябрына дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарынын санын албагандыгына байланыштуу болбой калган. Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Н.Д. Каримов берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 458 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенгул уулу Улан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 27-октябрындагы № 463 буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалган.. Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 84 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ж.Карымшаков жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 81 буйругу менен Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.Исаков, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 162-б жана 2015-жылдын 9-октябрындагы № 185-б буйруктары менен Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Козуев жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдраев берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган. Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 10-сентябрындагы №0115/30 жана 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 0115/33 буйруктары менен Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Насиров берген арызынын, ал эми Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ф.Пазылова Баткен облустук сотунун 2015-жылдын 4-августундагы № УД-2-15-Ба3, А-Ба-04-47-15-УД чечиминин негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жана № 424 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана натыйжасы жараксыз деп табылсын. 2. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын мурда катталган талапкерлер менен кайра шайлоо 2015-жылдын 19-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 3. Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэрин, Кара-Суу районунун Жоош жана Кызыл-Суу, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек жана Түп районунун Талды-Суу, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 24-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 4. Токтогул, Жайыл, Өзгөн, Тоң, Түп, Сузак, Кара-Суу жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 5-ноябры № 180
2015-жылдын 5-ноябрында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1568) |