![]() № 180 Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2016-жылдын 10-октябрындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет). 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 31-октябры № 180 |
Карап чыгуулар: (967) |