МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 181 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Аксы, Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй облусунун Москва, Жайыл, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү М.А. Акматалиевдин, А.А. Толонбаеванын, Л.М. Азимжанованын, Х.Э. Эрматованын, А.Д.  Акматовдун, З.С. Акботоевдин, Н.Ж. Амированын, А.А. Шабдановдун, У.А. Мааткаримовдун, Г.Т. Ауспекованын, Б.М. Акматованын, Т.А. Дуйшебаевдин, Т.М. Курманбековдун, М.Б. Турумбековдун,  Б.К. Сейталиеванын, Б.А. Чодоевдин,  аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын жана аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган Т.К. Далышев, С.Б. Исмаилова, Н.Дж. Джаныбеков, Д.М. Зыябекова, Н.Ж. Курбанбаева, А.П. Байдоолотов, Г.А. Акбарова, Н.Н. Төрөбекова, Ж.К. Эсеналиев, П.Т. Турсунова, А.А. Шейшенов, Г.Б. Исраилова Н.С. Молдокулова,  Н.К.  Джарбашева,  Э.Дж. Алмабеков киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «КСДП»» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акматалиев Майрамбек Абдылашымович, «Республика - Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Толонбаева Асель Асанбековна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Далышев Тимур Кыдыралиевич, Исмаилова Сезим Балтабаевна киргизилсин.

2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чодоев Бакыт Абдыбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алмабеков Эрмек Джумагулович киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Азимжанова Лариза Маданбековна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джаныбеков Нурбек Джаныбекович киргизилсин.

4. Жалал-Абад  облусунун Аксы  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эрматова Хурсанай Эрматовна,  «Кыргызстан куруучулар партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Акматов Абдыманап Дуйшоналиевич чыгарылсын.

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Зыябекова Динара Мырзапаровна, Курбанбаева Назгулу Жакыпбековна киргизилсин.

5. Ош облусунун Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акботоев Зайнидин Сраждинович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байдоолотов Абдисалам Пиратович киргизилсин.

6. Ош облусунун Кара-Кулжа  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- комиссиянын курамынан «Өнүгүү- Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Амирова Нуржамал Жумабековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шабданов  Абдимиталип Арынович  чыгарылсын.

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акбарова Гульмира Адылбековна,  Төрөбекова Назгүл Ногойбаевна киргизилсин.

7. Ош облусунун Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Өнүгүү- Прогресс»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Мааткаримов Убайдилда Асамидинович  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эсеналиев Жалалидин Калмахаматович киргизилсин.

8. Чүй облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ауспекова Гульзана Танырбиргеновна, Акматова Бегайым Мустафаевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Турсунова Перизат Турсуновна, Шейшенов  Арыстанбек  Азимович киргизилсин.

9. Чүй облусунун Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жана резервинен «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Дуйшебаев Талантбек Абдымысаевич,   «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Курманбеков Тилек Маликович   чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Ак шумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Исраилова Гулнара Бакыновна киргизилсин.

10. Чүй облусунун Ысык-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Турумбеков Максат Бейшенбекович, Сейталиева Бегайым Кылычбековна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Молдокулова Надира Советбековна, Джарбашева Назгуль Касымбековна киргизилсин.

11. Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

12.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын  31 - октябры

№ 181

Карап чыгуулар: (851)