МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 184 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2016-жылдын           11-декабрына дайындалган референдумга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын    “2016-жылдын   11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө” 2016-жылдын  4-ноябрындагы № 43 чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:  

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын  календардык планы бекитилсин.

2. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын  календардык планы китепче болуп чыгарылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын – 4 ноябры

 184

Карап чыгуулар: (1002)