МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 184 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                              А.ШАЙЫМКУЛОВА

           

Бишкек ш., 2015-жылдын 20-ноябры

№ 184

 

2015-жылдын 20-ноябрында жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 20-ноябрындагы

№ 184 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Чүй облусу

Аламүдүн району 

 1

Маевка айылдык

Косенко Дмитрий Владимирович

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

 2

Васильев айылдык

Казбекова Аида Казбековна

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

Москва району 

 3

Садовое айылдык

Мукашева Нургуль Толеновна

Өз арызы

№5,

10.01.2013-ж.

Жайыл району 

 4

Кара-Балта шаардык

Бегалиев Аскар Тимеркулович (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы)

Өз арызы

№40,

16.04.2015-ж.

 5

Хаджиев Турсунжан

Мамутович (“Ак-Шумкар” саясий партиясы)

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

Жалал-Абад облусу 

Таш-Көмүр шаары 

 6

Таш-Көмүр шаардык

Азимкулов Уланбек Мамырбекович (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Токтогул району

 7

Үч-Терек айылдык

Ажыкулов  Байыш Айтиевич

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

 8

Чолпон-Ата айылдык

Осмоналиев Тагайбек Мамыркулович

Өлгөндүгүнө байланыштуу

№15,

31.01.2014-ж.

 9

Токтогул шаардык

Мыктаров Кара Карашбекович (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Өлгөндүгүнө байланыштуу

№64,

24.04.2014-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

 10

Сарай айылдык

Тургунбаев Замирбек Жолболдуевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№155,

15.12.2012-ж.

 11

Кашгар-Кыштак айылдык

Хошимов Кодиржан Нишанович

Өз арызы

Талас облусу

Кара-Буура району

 12

Бакыян айылдык

Айманбетов Таалайбек Урбашович

Өз арызы

№53,

27.05.2015-ж.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

20-ноябрындагы № 184 токтомунун

2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Аламүдүн району

 1

Маевка айылдык

Жакыпов Мирлан Жумадилович

Жеке ишкер

№15,

10.11.2015-ж.

 2

Васильев айылдык

Маматаипов Абдимажит Назаралиевич

Дыйкан чарба, жетекчи

№16,

10.11.2015-ж.

Москва району

 3

Садовое айылдык

Юрченко Николай Дмитриевич

Москва райондук суу чарба башкармалыгы, орун басар

№35,

23.09.2015-ж.

Жайыл району

 4

Кара-Балта шаардык

Сегизбаев Бакыт Карыпбекович (“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы)

Жеке ишкер

№48,

11.11.2015-ж.

 5

Мусуралиев Ринат Ануринович (“Ак-Шумкар” саясий партиясы)

“Соло” ЖЧК, мастер

№49,

12.11.2015-ж.

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаары

 6

Таш-Көмүр шаардык

Раимкулов Кылычбек Иманалыевич  (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын Таш-Көмүр шаарындагы филиалы, инспектор

№11,

15.11.2015-ж.

Токтогул району

 7

Үч-Терек айылдык

Назаралиев Асылбек Амантаевич

Жеке ишкер

№1,

03.11.2015-ж.

 8

Чолпон-Ата айылдык

Теңизбекова Ажарбу

Жеке ишкер

№2,

18.11.2015-ж.

 9

Токтогул шаардык

Чалбаева Нурия Сарматовна (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Жеке ишкер

№3,

18.11.2015-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

 10

Сарай айылдык

Акылбеков Элнур Акылбекович

Убактылуу иштебейт

№126,

09.11.2015-ж.

 11

Кашгар-Кыштак айылдык

Мамакулова Шарипа Сатыбалдыевна

Убактылуу иштебейт

№127,

09.11.2015-ж.

Талас облусу

Кара-Буура району

 12

Бакыян айылдык

Садыралиев Урматбек Кадырбаевич

Жеке ишкер

№20,

29.07.2015-ж.

             

 

Карап чыгуулар: (1056)