МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 186 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 180 токтому менен 2015-жылдын 24-ноябрына дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу болбой калган.

Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 164-бк буйругу менен Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Бериков берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 270 буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.А.Сулайманов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын     2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн  башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо жана Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга, Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 15-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Баткен, Чүй жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

 

            ТӨРАГАНЫН  ЫЙГАРЫМ

            УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                      А. ШАЙЫМКУЛОВА    

                             

Бишкек ш., 2015-жылдын 30-ноябры

№ 186

 

2015-жылдын 30-ноябрында жарыяланды

Карап чыгуулар: (1030)