МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 187 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү”        2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн. 

 

          ТӨРАГАНЫН  ЫЙГАРЫМ

          УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                        А. ШАЙЫМКУЛОВА    

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 30-ноябры

№ 187

 

2015-жылдын 30-ноябрында жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 30-ноябрындагы

№ 187 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Чүй облусу

Панфилов району 

 1

Кайыңды  шаардык

Осмонов Адилет Нарынбекович (“Замандаш-Современник” саясий партиясы)

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

Талас облусу 

Талас шаары 

 2

Талас шаардык

Момунбеков Станбек  Джылдызович

Өз арызы

№156,

15.12.2012-ж.

Бакай-Ата району

 3

Бакай-Ата айылдык

Оморов  Миргазы Кубанычбекович

Өз арызы

№156,

15.12.2012-ж.

 4

Султанов Кулматбек Омурбекович

Өз арызы

Нарын облусу

Жумгал району

 5

Таш-Дөбө айылдык

Мойноков Алтынбек Каныбекович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№108,

11.06.2013-ж.

 

Ат-Башы району

 

 6

Ат-Башы айылдык

Жапаров Кубанычбек Турдалиевич

Муниципалдык кызматка дайындалган

№154,

15.12.2012-ж.

             

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

30-ноябрындагы № 187 токтомунун

2-тиркемеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Панфилов району

 1

Кайыңды шаардык

Пархоменко Петр Владимирович (“Замандаш-Современник” саясий партиясы)

Пенсионер

№25,

25.11.2015-ж.

Талас облусу

Талас шаары

 2

Талас шаардык

Дуйшенов Максат Канатбекович (“Ак-Шумкар” саясий партиясы)

Салмак-габариттик контролдоо департаменти, башкы инспектор

№13,

26.11.2015-ж.

Бакай-Ата району

 3

Бакай-Ата айылдык

Сатыбаева Жийдекан Кермалиевна

“Сагынбек” дыйкан чарбасы, мүчө

№23,

27.10.2015-ж.

 4

Акылбеков Марс Нурбекович

Бакай-Ата райондук өрт коопсуздугунун №93 кесипчилик бөлүмчөсү, күзөт башчы

Нарын облусу

Жумгал району

 5

Таш-Дөбө айылдык

Чалаказак уулу Качкынбек

Жайыт комитети, төрага

№36,

20.11.2015-ж.

Ат-Башы району

 6

Ат-Башы айылдык

Жумабаев Канатбек Жумабаевич

Ат-Башы райондук балдар спорттук мектеби, машыктыруучу

№19,

25.11.2015г.

             
Карап чыгуулар: (1406)