![]() № 18 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжайлары тууралуу протоколдорду 2017-жылдын 15-январында №5057 Шералы шайлоо участкасында өткөн кайра добуш берүүнү эсепке алуу менен бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлдү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн Кароол айылдык кеңешинде 3 шайлоо участогун камтыган 3 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктары, жогорудагы мыйзамдын 31-беренесинин 7-пунктунун талаптарын бузуу менен чыгарылгандыгына байланыштуу, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы чечими менен Кароол айылдык кеңешинин №5057 Шералы шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыктан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-январындагы чечими менен Кароол айылдык кеңешинин №5057 Шералы шайлоо участогунда кайра добуш берүү 2017-жылдын 15-январына дайындалып, өткөрүлгөн. Талапкерлердин байкоочулары К.Жолдошов, Б.Раимжанов жана М.Таабалды уулунан кайра добуш берүүнүн жыйынтыктарына карата арыздарынын негизинде, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-январындагы чечими менен 2017-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда добуштарды кайра эсептөө жүргүзүлгөн. Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы Кароол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Кароол айылдык кеңешине жиберилсин. 3. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 23-январы №18
|
Карап чыгуулар: (835) |