МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 190 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоо алкагында жана аларды “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1). “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 14 токтому;

2). “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы № 19 токтому;

3). “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 2-февралындагы № 24 токтому;

4). “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 2-февралындагы № 25 токтому;

5). “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу тобу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 117 токтому;

6). “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 118 токтому;

7). “Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун формаларын бекитүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 119 токтому;

8). “Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 120 токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2016-жылдын 6-ноябры

№190

 

Карап чыгуулар: (1372)