МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 191 “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө

Үгүт жүргүзүүдө референдумдун катышуучулары үчүн тең жана адилеттүү шарттарды, алардын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул”, “каршы”) каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси К. Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


Бишкек ш., 2016-жылдын 6-ноябры
№191

Карап чыгуулар: (966)