МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 193 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №163 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасы бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетердерди, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Шайлоо бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 33 чечими менен региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий ссайтына жарыялансын (тиркемесиз).

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ттөрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 8-ноябры

№ 193

Карап чыгуулар: (1029)