МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 195 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20, 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери 1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрү бул токтомду участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 8-ноябры 

№ 195

Карап чыгуулар: (982)