МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 198 Жалал-Абад облусунун Сузак, Чүй облусунун Панфилов, Талас облусунун Бакай-Ата, Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү Р.Д.  Акынбековдун,   А. Ураимовдун,  Э.Р. Пулатовдун,  А.Т.  Нарматовдун,  К.А.  Боржуеванын, А.О. Шабралиевдин, Т.А.  Самарбековдун, Н.Ж. Мамбетовдун,  Т.А. Байболотовдун,  К. Абдыгазиевдин, В.К. Жакыпованын, аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган   А.Ж. Караева,  Г.Ж. Сапарова,  О.К. Абдуллаев,  М. Абдуллаев, А. Р. Джаналиев, Дж. С. Кулубаева, А.М. Базарбаев, У.Т. Сагынбаев, К.М.  Деркенбаев, А.М.  Алапаева киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Сузак  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ак Шумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ураимов Арапжан, «Республика - Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Пулатов Эмилбек Рахимович, «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нарматов Алмазбек Токтогулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Боржуева Карачач Аватаевна  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «КСДП» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Караева Айгерим Жанышовна, «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сапарова Гулиза Жумабаевна, «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Олжобай Куламидинович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Мухтар киргизилсин.

2. Чүй облусунун Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Туран» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Шабралиев Адиль Оросулбаевич,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Самарбеков Талант Аскарбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Столица» Демократиялык партиясы» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Джаналиев Айбек Рысбекович,  «7 апрель Жаштар кыймылы» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Кулубаева Джылдыз Садырбековна киргизилсин.

3. Талас облусунун Бакай-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Республика - Ата Журт»  саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Мамбетов Нурдин Жуматаевич, «Ак Шумкар»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байболотов Тууганбай Абдиевич чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Базарбаев Алымбек Муксунбекович, Сагынбаев Улукбек Торокулович киргизилсин.

4. Нарын облусунун Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыгазиев Качкынбай, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жакыпова Венера Карыпбековна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Деркенбаев Шаршенбек Асыкулович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алапаева Асель Махмудовна киргизилсин.

5.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын   9 - ноябры

№ 198

Карап чыгуулар: (882)