МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 199 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы №11 чечимин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  “Бишкек шаардык кеңешинде бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-ноябрында №11 чечимди кабыл алган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Бош калган депутаттык мандаттарды Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү” 2016-жылдын 6-ноябрындагы №11 чечими бекитилсин.

2. “Республика” саясий партиясынан Жумабеков Алмазбек Иазбекович, Чодуров Темирбек Жалилович жана Сатыбалдиева Айжан Үсөнбековна Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын  каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

           

Бишкек ш., 2016-жылдын 9-ноябры

№ 199

Карап чыгуулар: (916)