№ 1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 232 буйругу менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Э. Мейманов, Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 31-декабрындагы № 104 буйругу менен Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Отунчиев өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган, ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Аманбаев каза болгондугуна байланыштуу, анын кызмат орду бош калган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка, Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 2-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 2. Ак-Талаа, Түп, Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 14-январы № 1
2015-жылдын 14-январында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1913) |