![]() № 1 Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2, 4, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Р.К. Шаршееванын, А.Б. Кадралиеванын, Б.К. Камчыеванын арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ 1.Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Шаршеева Рыскуль Кожокеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын -“Улуу Биримдик” Улуттук Демократиялык партиясы” саясий партиясынан; - Калдыбаева Асылкуль Мурадиловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин -“Акшумкар” саясий партиясынан. 2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Кадралиева Айнура Бакытжановна комиссиянын курамынан чыгарылсын -“Республика” саясий партиясынан; - Канатбеков Ислан Канатбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан. 3. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин; - Камчыева Бермет Калбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын-“Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан; - Маматалиев Алибек Мажитович резервден комиссиянын курамына киргизилсин -“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн. ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 10-январы № 1 |
Карап чыгуулар: (1356) |