МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 1 Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н.Абдылдаевдин 2017-жылдын 13-январындагы Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу 2017-жылдын 11-январындагы протоколун жокко чыгаруу тууралуу арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана башка шайлоо процессине катышуучулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н.Абдылдаевдин 2017-жылдын 13-январындагы (кир. №№ 01-11/114, 01-11/125, 01-11/126, 01-11/117) даттануусу боюнча чечимин карап чыгып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу далилдери жоктугун эске алып, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  23-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Респбуликасынын Мыйзамынын 41, 43-беренелерин, КР БШКсынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 Токтому менен бекиген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобосун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Даттанууда айтылган мыйзам бузуулардын далилдери жоктугуна жана алардын депутаттардын эрк-ниетин билдирүүсүнө, добуш берүүнүн жашырындуулугуна жана шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегендигине байланыштуу, Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Н.Абдылдаевдин Бишкек АШКсынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу 2017-жылдын 11-январындагы протоколун жокко чыгаруу тууралуу талаптары – канааттандырылбасын.

 

2. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  мүчөсү – жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана башка шайлоо процессине катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси –А.Асаналиевге жүктөлсүн.

 

  Төрага                                                  Н.Шайлдабекова

 

Бишкек ш. 2016-жылдын 18-январы. № 1

 

Карап чыгуулар: (929)