![]() № 200 Бишкек шаарындагы №1269 шайлоо участкасынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө |
№1269 шайлоо участкасынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. №1269 шайлоо участкасынын жайгашкан орду өзгөртүлсүн (П.Лумумбу көчөсү №6 дареги боюнча, К.Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Бишкек аскердик окуу жайынын имаратынан П.Лумумбу көчөсү №2 дареги боюнча №83 орто мектебинин имаратына). 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 9-ноябры №200 |
Карап чыгуулар: (908) |