МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 201 2015-жылдын 15-декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-ноябрындагы № 186 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга, Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 15-декабрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Баткен, Чүй, Талас аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеcине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Джороев Сулайман Шакирович табылсын.

2. Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сыдыков Ильичбек Сабырович табылсын.

3. Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Биримкулов Рустамбек Тентимишович табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 24 - декабры 

№ 201

 

2015-жылдын 24-декабрында жарыяланды

Карап чыгуулар: (990)