МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 206 Жалал-Абад облусунун Чаткал, Базар-Коргон, Нарын облусунун Ат-Башы, Баткен облусунун Лейлек, Чүй облусунун Панфилов, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү Н.Т. Иманалиевдин,  Ж.А.  Акбаеванын, А.Б.  Мисированын, А.М.,  Балтабаевдин,  А.К. Джумагуловдун, Р.А. Алманиязовдун, А.У. Калмуратовдун,  Б. Сактанованын, И.Б. Шеркуловдун,  аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын,  аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган   С.Ж. Субанова,  А.Д.  Шамалова,  А.Б. Ешбаев,  Ю.Т. Исламов, Н.Ж. Жаналиева,  Ү.К. Касымова, Т.Г.  Абдуллаев, М.  Мурза-Акимов киргизилгендигине байланыштуу,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Чаткал  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иманалиев Нурмухамбет Тилекбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Субанова Самара Жээнбековна киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жана резервинен «Эмгек» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн  Калмуратов Арапбай Умарович, «Ак Шумкар»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сактанова Бурайма,  «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шеркулов Исламбек  Батырбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Тахиржон Гапуржанович, Мурза-Акимов Муратбек киргизилсин.

3. Нарын облусунун Ат-Башы  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акбаева Жыргалбүбү Асанакуновна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамалова Анара Дүйшөбековна киргизилсин.

4. Баткен облусунун Лейлек  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  «Республика - Ата Журт»  саясий партиясынан  көрсөтүлгөн  Мисирова Айтбүбү Байкозуевна, «Туран»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Балтабаев Асылбек Маликович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ешбаев Абдирашит Баетович, Исламов  Юсупали Турсунбаевич киргизилсин.

5. Чүй облусунун Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумагулов Азамат Курманбекович  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына  «КСДП» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жаналиева Назгүл Жеңишбековна киргизилсин.

6. Чүй облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алманиязов Рашид Абдылдаевич чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Касымова Үпөл Каныбековна  киргизилсин.

7.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын   13 - ноябры

№ 206

Карап чыгуулар: (834)