МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 207 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-ноябрындагы №11, 2016-жылдын 10-ноябрындагы №14/15 чечимдерин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-ноябрында №11, 2016-жылдын 10-ноябрында №14/15 чечимдерди кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-ноябрындагы №11, 2016-жылдын 10-ноябрындагы №14/15 чечимдери бекитилсин.

2. “Республика” саясий партиясынан Алымбаев Алайбек Анаркулович, Мидин уулу Канатбек жана Садыков Ильдар Вахидович Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын  каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

           

Бишкек ш., 2016-жылдын 13-ноябры

№ 207

Карап чыгуулар: (929)