![]() № 217 Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумундагы “Макул” үгүт тобу № 6 болуп катталсын, жетекчиси, БШКгы ыйгарым укуктуу өкүлү - А. Мырзалиева 2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумундагы “Макул” үгүт тобу № 7 болуп катталсын, жетекчиси, БШКгы ыйгарым укуктуу өкүлү - О. Сарбагышев 3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумундагы “Макул” үгүт тобу № 8 болуп катталсын, жетекчиси, БШКгы ыйгарым укуктуу өкүлү - М. Молдобаев 4. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумундагы “Макул” үгүт тобу № 9 болуп катталсын, жетекчиси, БШКгы ыйгарым укуктуу өкүлү - Б. Абытова 5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетечиси К.М. Осмоналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 17-ноябры № 217 |
Карап чыгуулар: (964) |