![]() № 227 Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Ош облусунун Алай, Талас облусунун Кара-Буура, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү С. Доткулованын, К.П. Арыкбаевдин, Ж. Абыралиеванын, Г.Б. Икрамованын, Э.К. Джанкорозовдун, Б.Б. Аргынбаеванын, С, Батыркожоевдун, Ж. Бекболиевдин, К.С. Айтиеванын аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, “Ак Шумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.М. Бапаковду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ч.М. Казиеваны комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2016–жылдын 21-ноябрындагы № 21 чечиминин, Ч.К. Шабдановду комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2016–жылдын 17-ноябрындагы № 10 чечиминин негизинде, аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган Орозалы уулу А., А.А. Байгубатов, Ү.Т. Райымбаева, А.О. Апиева, М.А. Алымкулов, И. Жанузакова, Токтоболот уулу М., Эмилбек уулу Т., Т.Т. Шерматов киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Доткулова Салтанат чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозалы уулу Азамат киргизилсин. 2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан «Ак Шумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бапаков Молдоакмат Мукамбетович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Казиева Чынара Муктаровна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байгубатов Азизбек Аманович, Райымбаева Үмүт Тураровна киргизилсин. 3. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арыкбаев Кудайберди Пайзилдаевич чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Апиева Айнагүл Осмоновна киргизилсин. 4. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шабданов Чынгыз Канайбекович чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымкулов Марлис Ажыбекович киргизилсин. 5. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жана резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абыралиева Жамила, «КСДП» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Икрамова Гулсара Базарбаевна, «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джанкорозова Элмира Кулубековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аргынбаева Бактыгул, Батыркожоев Сабырбек, Бекболиев Жолчубек чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жанузакова Ибадат - «Кыргызстан коммунисттер» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтоболот уулу Медеткан, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эмилбек уулу Тойчубек киргизилсин. 6. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айтиева Кымбат Сайтбековна чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шерматов Турсунали Ташбулатович киргизилсин. 7.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 25 - ноябры № 227 |
Карап чыгуулар: (832) |