МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 229 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жана башка мыйзамдарды жетекчиликке алып, шайлоо жана референдумдарда эл аралык байкоочулардын иш аракетинин тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 1. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумуна  жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

1)  Реда Данискевичюте - Литва Республикасынын БШКнын Шайлоолорду уюштуруу борборунун жетекчиси;

2)  Дангуоле Якштин - Литва Республикасынын БШКнын финансы бөлүмүнүн башчысы;

3)  Имашев Берик Мажитович - Казакстан Республикасынын БШКнын төрагасы;

4)  Аргынов Арбол Хасенович - Казакстан Республикасынын БШКнын эл аралык бөлүмүнүн башчысы;

5)  Адамбек Алибек Нуржанович - Казакстан Республикасынын БШКнын төрагасынын жардамчысы;

6)  Толкач Иван Анатольевич - Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси;

7)  Слобода Евгений Александрович - КМШнын аткаруу комитетинин бөлүмүнүн начальниги (КМШ миссиясы);

8)  Козяк Евгений Винцентьевич - КМШнын аткаруу комитетинин кеңешчиси (КМШ миссиясы);

9)  Кулеба Олег Викторович - КМШнын аткаруу комитетинин кеңешчиси (КМШ миссиясы);

10) Ренат Левовский - Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнүн фондунун директору;

11) Коджаман Омер - Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысынын орун басары (ТТМКК миссиясы);

12) Алиева Замина Маммада - долбоордун директору (ТТМКК миссиясы);

13) Дастан Алмен - изилдөөлөр боюнча эксперт (ТТМКК миссиясы);

14) Элшан Асгаров - Азербайжан Республикасынын БШКнын катчылыгынын начальниги (ТТМКК миссиясы);

15) Шалданбай Талгат - Казакстан Республикасынын ТИМ бөлүмүнүн начальниги, (ТТМКК миссиясы);

16) Ахмед Ашим Арар - Түркия Республикасынын ТИМ элчиси, кеңешчи-элчи (ТТМКК миссиясы);

17) Уссаев Аллаберди Деряевич - Түркмөнстандын Борбордук шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары;

18) Овезов Хакимберды Джуманиязович - Түркмөнстандын Борбордук шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча катчы-референти.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2016-жылдын 28 ноябры

№ 229

Карап чыгуулар: (966)