![]() № 230 Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан айрым референдум участкаларында Кыргыз Республикасынын референдумун уюштуруу жөнүндө |
Республиканын аймагынан тышкары жайгашкан айрым референдум участкаларында тизмеге киргизилген референдумдун катышуучуларынын саны аз жана референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуунун зарылчылыгы жоктугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна, 30-беренесине, 32-беренесинин 11-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 24-сентябрындагы №150 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын саны 55тен төмөн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан участкалык шайлоо комиссиялары, добуш берүү учурунда референдумдун катышуучуларын идентификациялоону милдеттүү түрдө өткөрүү менен автоматтык эсептөөчү урналарды пайдаланбастан стационардык тунук урналарды колдонсун. 2.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2016-жылдын 1-декабры №230 |
Карап чыгуулар: (933) |