МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 232 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум боюнча Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №8168 жана №8169 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү  боюнча Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №8168 жана №8169 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 21-ноябрындагы №17 чечими аркылуу берилген сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №8169 “Панфилов” шайлоо участкасынын чек арасындагы Корчагин, Крупская жана Свердлов көчөлөрү №8168 “Сапар” шайлоо участкасына өткөрүлүп,  схемалары жана чек аралары өзгөртүлүп бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы бул токтом тууралуу маалыматты тийиштүү шайлоо участкаларындагы шайлоочуларга жеткирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                                          А. БЕКМАТОВ 


Бишкек ш., 2016-жылдын 2-декабры

№232

Карап чыгуулар: (920)