«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын
№
|
Иш-чаралардын мазмуну
|
Аткаруу мөөнөттөрү
|
Аткаруу үчүн жооптуулар
|
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү
|
1.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 28-мартына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк)
|
2.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 28-мартына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү)
(Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк)
|
3.
|
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо
|
Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 2-апрелине чейин)
|
МС жана ЭК бөлүмү (КР БШКнын басма сөз кызматы)
(Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк)
|
4.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 2-апрелине чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр)
|
5.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 2-апрелине чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү)
(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)
|
6.
|
Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо
|
Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-апрелине чейин)
|
ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)
(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)
|
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу
|
7.
|
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү
|
Өзүнчө план жана график боюнча
|
Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору
|
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө
|
8.
|
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу
|
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 14-майына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр)
|
9.
|
Шайлоочулардын тизмелерин басып (2 нускада) чыгаруу жана участкалык шайлоо комиссияларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет)
|
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-апрелине чейин)
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, системалык администраторлор, атайын өкүлдөр
(Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк)
|
10.
|
Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан облустар боюнча жалпыланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат
|
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-апрелине чейин)
|
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам, 12-берене, 9-бөлүк)
|
11.
|
Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-апрелине чейин)
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк)
|
12.
|
Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү
|
(2015-жылдын 17-апрелине чейин)
|
Борбордук шайлоо комиссиясы
|
13.
|
Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоону жөнөтүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 17-апрелине чейин)
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк)
|
14.
|
Шайлоочулардын тизмесине киргизүү (1-форма) жана жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (3-форма) жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу
|
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-майына чейин)
|
Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор
|
15.
|
Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 10-майына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор
(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)
|
16.
|
Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга басып чыгаруу)
|
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 14-майына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор
(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)
|
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
|
17.
|
Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү
|
Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт
(2015-жылдын 16-апрелине саат 24.00гө чейин)
|
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1-,2-бөлүктөрү)
|
18.
|
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 16-апрель саат 24.00гө чейин)
|
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк)
|
19.
|
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү
|
Документ кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк)
|
20.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
|
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт
(2015-жылдын 26-апрель саат 18.00гө чейин)
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк)
|
21.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү
|
Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк)
|
22.
|
Фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо
|
Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк)
|
23.
|
Талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу
|
Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 14-майына чейин)
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 44-берене)
|
24.
|
Ишенимдүү адамдардын, өкүлдөрүнүн, талапкердин, саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу
|
Тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк, 19-берене, 21-берене, 3-бөлүк)
|
Шайлоо алдындагы үгүт
|
25.
|
Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо
|
|
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар
ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы
(Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр)
|
26.
|
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү
|
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып (2015-жылдын 27-апрелинен) башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат
|
Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору
(Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк)
|
27.
|
Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу
|
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин
|
Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте
(Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк)
|
28.
|
Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо
|
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк)
|
Шайлоону каржылоо
|
29.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү
|
Шайлоо дайындалгандан кийин
|
Борбордук шайлоо комиссиясы (финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы)
|
30.
|
Шайлоо фондун түзүү
|
Жарандар, аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди берүүгө чейин шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өз шайлоо фондуларын түзө алат
|
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер
(Мыйзам, 61-берене, 1-бөлүк)
|
31.
|
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу
|
Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып
|
Аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк)
|
32.
|
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу
|
|
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат
(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)
|
33.
|
Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
|
Шайлоодон кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 28-майга чейин)
|
Талапкерлер, саясий партиялар
(Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк)
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат
(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)
|
Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү
|
34.
|
Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 27-апрелине чейин)
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк)
|
35.
|
Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо
|
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен
(бүткүл мезгилдин ичинде)
(2015-жылдын 7-майына чейин)
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк)
|
36.
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо
|
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 7-майына чейин)
|
Борбордук шайлоо комиссиясы
(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)
(Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк)
|
37.
|
Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда
(2015-жылдын 7-майына чейин)
|
Борбордук шайлоо комиссиясы
(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)
(Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)
|
38.
|
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу
|
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күн калганда
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)
|
Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо
|
39.
|
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 9-2 календарлык күн калганда
(2015-жылдын 8-майынан 15-майына чейин)
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк)
|
40.
|
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк)
|
41.
|
Добуш берүүнү өткөрүү
|
2015-жылдын
17-майы саат 8.00дөн 19.00гө чейин
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 31-берене)
|
42.
|
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү
|
Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат
(жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт)
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 36-берене)
|
43.
|
Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү
|
Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада
|
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк)
|
44.
|
Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү
|
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен
(2015-жылдын 6-июнуна чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене)
|
45.
|
Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо
|
Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде
|
ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)
(Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк)
|
46.
|
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
|
Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө
|
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер
(Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк)
|
47.
|
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү
|
Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө
|
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк)
|