![]() № 249 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу |
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 4 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн. Кадамжай шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1 -беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кадамжай шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Баткен облусунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Кадамжай шаардык кеңешине жиберилсин. 3. Кадамжай шаардык аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 24-декабры № 249 |
Карап чыгуулар: (897) |