МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 24 Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ №36 Жарлыгына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7.15-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 5 091 200  (беш миллион токсон бир миң эки жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.    

 

ТӨРАГАНЫН

ОРУН БАСАРЫ                                                       А.ШАЙЫМКУЛОВА

 

 

Бишкек шаары, 2015-жылдын 20-марты

№ 24

 

2015-жылдын 20-мартында жарыяланды

Карап чыгуулар: (1460)