![]() № 251 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Баткен облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №213 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун 24 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Баткен, Кадамжай, Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан берилген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Баткен облусунун: - 2016-жылдын 14-декабрындагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын: Дара, Кара-Бак, Кара-Булак, Кыштут, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин; - 2016-жылдын 14-декабрындагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын: Ак-Турпак, Алга, А.Масалиев, Бирлик, Көтөрмө, Кыргыз-Кыштак, Марказ, Орозбеков, Үч-Коргон, Халмион, Чаувай айылдык кеңештеринин; - 2016-жылдын 14-декабрындагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын: Ак-Суу, Жаңы-Жер, Катран, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө проколдору бекитилсин. 2. Бул токтомдун көчүрмөлөрү Баткен, Кадамжай, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2016-жылдын 24 –декабры № 251 |
Карап чыгуулар: (918) |