МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 253 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Нарын облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 жана 2016-жылдын 27-октябрындагы №233 Жарлыктары менен дайындалган Нарын облусунун  Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун 53 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын аймактык шайлоо комиссиялары берген  протоколдорунун негизинде,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун:  

 - 2016-жылдын 14-декабрындагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын:  Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок-Молдо, Кызыл-Белес, Терек айылдык кеңештеринин; 

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын: Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын: Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Кабак, Миң-Куш, Чаек айылдык кеңештеринин;

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы: Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 16-декабрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын: Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур,  Достук, Сары-Ой, Жан-Булак, Чет-Нура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын  аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 24–декабры

№ 253

Карап чыгуулар: (934)